Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:15

Депутаттар Шайлоо Кодексин өзгөртүшөт


БИШКЕК. Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттар тобу Шайлоо Кодексининин экс-элчилердин парламенттик шайлоого катышуусу жөнүндөгү 69-беренесининин 1-пунктунун 2-абзацын алып таштоого негиз берүүчү мыйзам долбоорун даярдады. Алар мыйзам долбоорун экс-тышкы иштер министри Роза Отунбаеванын талапкер болуп катталбагандыгынан улам келип чыккан нааразылыкты басаңдатуу жана экс-элчилердин укугун коргоо үчүн даярдап, азыр аны кабыл алууну колдогон депутаттардын колун топтоп жатат. Демилге көтөргөн депутаттардын бири Азимбек Бекназаровдун айтымында, эгер палата мыйзам долбоорун кабыл алса, ага тезинен кол коюуну палата президенттен өтүнөт. Ал эми ушул эле палатанын депутаты Бөрүбай Жураев андай мыйзам Конституцияга карама -каршы келет, ал үчүн адегенде баш мыйзамды өзгөртүү зарыл деп билдирди. Депутат Ишенбай Кадырбеков болсо Конституцияда өлкөдө туруктуу жашоо тууралуу так жазылбагандан кийин аны атайын мыйзам чегинде чечмелөө менен Шайлоо Кодексине өзгөртүү киргизүүгө мыйзам жол берерин билдирди.

XS
SM
MD
LG