Анда Түштүк-Чыгыш Азияга жардам көрсөтүү маселеси талкууланып, өкмөттөрдүн жана гуманитардык уюмдардын 250дөн ашуун өкүлдөрү катышты. ООНдун чукул жардамдар боюнча программасынын жетекчиси Ян Эгеланд алдыдагы алты айда тыкыр операциялар үчүн 970 миллион доллардан ашуун каражат керек болорун белгиледи.