Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:03

ОРУСИЯДАГЫ ЖҮЗ МИҢДЕГЕН ТАЖИКТЕР ЖАҢЫ ПАСПОРТ АЛА ЭЛЕК


Кубат Оторбаев, Прага 1-январдан тартып Евразия экономикалык шериктештигине кирген мамлекеттер – Белорус, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Орусиянын жарандары бир өлкөдөн экинчисине барыш үчүн чегарада эларалык паспорт көргөзүүгө тийиш. Мындай жаңы эреже азыр күнүмдүк көр оокаттын айынан Орусияда иштеп жүргөн Тажикстандык жүз миңдеген эмгек мигранттарынын жашоосун татаалдатат. Анткени алардын дээрлик 90 процентинин андай эларалык паспорттору жок.

Нарзуллох Ражабов Орусияда иштеп, жашоо-тирилигин түзөп жүргөн 600 миң тажиктин бири. Ал Санкт-Петербургдан “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун тажик кызматына берген интервьюсунда эларалык паспорт Орусияда басылып, чыгып жатат деген кабарды укканын, бирок анын өзүн көрө электигин айтты:

– Элдин азыр кызыкканы эле ушул – “паспорт каяктан чыгат экен?”, “ал канча турат болду экен?”, “аны алыш үчүн кандай документтерди топтош керек?” Мына ушул суроолордун баарына азырынча жооп уга элекпиз.

Тажикстандын өзүндө азыр андай эларалык паспорт бериле баштады. Ырасмий маалыматтар боюнча ушул тапта 50 миңдей адам жаңы паспорт алышты. Бирок айрым маалыматтар боюнча бир миллиондой тажиктер жыл сайын Орусияга барып, иштей турганынын эске алганда, бул көрсөткүч анча деле чоң эмес. Эгер өкмөт паспорт берүүнү ылдамдатпаса жазында абал татаалдашы ыктымал. Анткени күн жылый баштаганда акчанын айынан “койну кенен” Орусияны беттеп кете тургандардын саны арбыйт. Айрым маалыматтар боюнча 6 миллион калкы бар Тажикстандын элинин жарымы Орусияда иштеп жүргөндөр салып туруучу акчага таянып, турмушун жөндөйт экен.

Гавхар Жураева эмгек мигранттарынын укугун коргой турган өкмөттүк эмес уюмду жетектейт жана ал уюмдун кеңсеси Москвада жайгашкан. Анын айтымында жаңы паспорт тууралуу так маалыматтар алардын да колунда жок. “Бирок Орусиянын милициясы да ырайым кылып жатабы же буга анча көңүл бура элекпи – эч кимди “эларалык паспортуң жок экен” деп камап кое элек” дейт ал:

– Орусиядагы тажик мигранттарынын көбү жаңы паспортко кете турган чыгымдардан коркуп жатышат. Жаңы паспорт канча турат, ал качан бериле баштайт – муну эч ким айталбай жатат. Бизде да андай так маалыматтар жок, ошондуктан элге бир нерсе деп тыңгылыктуу жооп айталбай жатабыз. Бирок Москванын жана анын жака-белиндеги шаарчалардагы полиция кызматкерлери эч кимди камай элек. Кармады, камады деп да эч кимден угалекпиз, - дейт Гавхар Жураева айым.

Тажикстандын Москвадагы элчилигинин өкүлү Mухаммад Эгамзоддун маалыматы боюнча эмгек мигранттарын эларалык паспорт менен камсыз кылуу максатында январдын орто ченинен тартып Орусиянын жети шаарында атайын борборлор иштей баштайт. Анын айтымында Орусиянын аймагында буга чейин жашап келгендерди азыр эле эларалык паспорт ал деп эч ким кыйнабайт, анткени алардын каттоосу күзгө чейин жарактуу деп эсептелет.

Эларалык миграция уюмунун Дүйшөмбү шаарындагы бөлүмүнүн башчысы Махмуд Надеринин айтымында жаңы паспорт алуу Орусиянын аймагында мыйзамсыз жашап, иштеп жүрүшкөн он миңдеген тажиктерге жаңы түйшүктөрдү алып келет:

– Көпчүлүк мигранттар мыйзамсыз жашап жүрүшөт. Алар Орусия федерациясынын аймагында каттоодон өткөн эмес. Качан алар бийликтерге кайрылганда алардан алгач “кайда катталгансың, документтериң жайындабы?” деген суроо беришет. Бул болсо жаңы паспорттун берилишин кечеңдетет. Бул аз келгенсип аларды Орусиянын аймагынан чыгарып салып, кайра Тажикстанга айдап жибериши мүмкүн.

Махмуд Надернин маалыматы боюнча эларалык паспорт Тажикстандын өзүндө 26 доллар турат. Бирок Орусияда иштеп, жашап жүргөндөр үчүн анын баасы 60 доллар экен. Эгер өлкөдө орточо айлык акы 4 долларга жакын экенин эске алганда – бул чоң эле сумма.

XS
SM
MD
LG