Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:33

Бишкектин Ленин райондук соту Роза Отунбаеванын арызын канаатандырган жок


БИШКЕК. 12-январда Бишкек шаарынын Ленин райондук соту «Атажурт» кыймылынын теңтөрайымы Роза Отунбаеванын арызын канагатандырган жок. Сот ишин караган Ленин райондук сотунун төрагасы Канатбек Турганбеков “№1 Университет шайлоо округунун шайлоо комиссиясынын Роза Отунбаева парламенттик шайлоого талапкерлигин койо албайт деген экинчи чечимин туура”,- деп билдирди. Соттун чечиминде айтылгандай, Кыргызстандын баш мыйзамына, шайлоо кодексине жана эл аралык нормаларга ылайык, Роза Отунбаева парламентке талапкерлигин койо албайт. Ал эми соттун мындай чечимине нааразылыгын билдирген Роза Отунбаева Жогорку сотко кайрылаарын билдирди.

6-январда №1Университет шайлоо округунун шайлоо комиссиясы экс-элчи Роза Отунбаеваны Жогорку Кеңешке шайлоого талапкер катары каттап, колуна күбөлүгүн берип, бирок беш саат өткөндөн кийин өз чечимин жокко чыгарган.
Ушул эле күнү Жогорку Кеңештин имаратынын алдына Роза Отунбаеванын укугун коргоо комитетинин 20 чамаалаш мүчөсү нааразылык акциясын улантышты.

XS
SM
MD
LG