Орус президенти Владимир Путин Казакстанга келип, бүгүн Алматы шаарында казак президенти Нурсултан Назарбаев менен энергетика тармагында кызматташуу маселелерин талкуулады. Путиндин айтымында, эки өлкө ортосундагы мамилелерде энергетика эң негизги тармак. Андан тышкары эки президент Каспий деңизинин макамы менен байланышкан проблемаларды дагы талкуулайт, ага көл же деңиз деген макам берүү чатагынан көптөгөн эл аралык маселе чыгууда.