Франциянын каржы министри Эрве Гаймардын айтымында, Париж клубуна кирген 19 мамлекеттин өкүлдөрү бүгүн кечинде Париж шаарында чогулуп, цунамиден жапа чеккен Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринин карыздарын жеңилдетүү маселесин талкуулайт. Андай маселени азыр дүйнөнүн эң өнүккөн жети мамлекетинин жетекчилери дагы караштырып жатат. 26-декабрда Индонезиянын Суматра аралынан алыс эмес аймакта деңиз түбүндө болгон жер титирөө, андан чыккан толкундан он мамлекеттин жалпы жонунан 156 миң адамы каза тапты.