ӨЛКӨДӨ КЫРДААЛ КУРЧУП БАРАТ, АГА КЫЗЫКДАР БОЛГОН КИМ?

Кыяс Молдокасымов, Бишкек Шайлоо жакындаган сайын Кыргызстанда кырдаал курчуп барат. Алты күндөн бери мурдагы элчилердин талапкерлиги катталбай калгандыгына байланыштуу нааразычылык акциялары уланууда. 12-январда аткаруу бийлик өкүлдөрүнөн, бизнесмендерден турган Адилет партиясынын курултайы өтүп анда да оппозицияга айосуз сокку уруу зарылдыгын белгилешти. Ал эми оппозиция өкүлдөрү шайлоо алдындагы аракетин аныктоо үчүн өз жыйындарын өткөрүшүүдө. Өлкөдө түзүлгөн кырдаал «Азаттыктын» «Бетме – бет» берүүсүндө эркин саясат таануучу Карыбек Байбосунов менен Укук коргоочу Турсунбек Акундун катышуусунда талкууга алынды.