Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:08

Жер титирөө болушу ыктымал


БИШКЕК. 2002-жылдан баштап Кыргызстан аймагында жер титирөөнүн чоң жана майда толкундары көбөйдү. Мындай маалымат бейшемби күнү Улуттук Илимдер академиясынын сейсмологиялык изилдөө институтунун директорунун орун басары Эрнис Мамыровдон алынды. Анын айтымында, жер титирөөлөр айрыкча, өлкөнүн Түштүк, Фергана жана Күңгөй тоолорунда арбын катталууда. Ошондуктан, адистер бул аймактарда 6-7 баллга чейинки кубаттагы жер силкинүүлөр болушу ыктымал деп болжоп жатышат. Бирок, силкинүүнүн толкуну эл жашаган аймактарга олуттуу коркунуч алып келбейт. Маалымат үчүн белгилеп койчу жагы, былтыр Кыргызстандагы майда жана чоң жер силкинүүнүн саны 2,5 миңден 3,5 миңге чейин жеткен. Акыркы жолу 2003-жылдын 16-январында Арпатектир аймагында кубаты 6 баллга жеткен жер титирөө болуп, анын толкундары эл жашаган аймактарга зыян алып келген эмес. Кыргызстанда эң чоң жер титирөө 1916-жылы Кеминде катталган жана анын кубаты 11 баллга жеткен.

XS
SM
MD
LG