Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:30

Укук коргоочу жоопко тартылууда


БИШКЕК. Бишкектин Биринчи май райондук соту Роза Отунбаеваны коргоо комитетинин төрагасы Турсунбек Акунга каршы козголгон административдик ишти 13-январда карай баштады. Ички иштер министрлигинин Биринчи май райондук бөлүмү Турсунбек Акунга «жөө жүрүш акциясын уюштуруп, жол тосуп коомдук тартипти бузду» деген айып коюп, аны административдик жоопкерчиликке тартуу талабы менен сотко кайрылган.

7-январда милиция кызматкерлери Роза Отунбаеванын таламдаштары тигишкен чатырларды күч менен жыйнап кетишкенден кийин нааразылык акциясынын катышуучулары Бишкектин айрым көчөлөрүнүн жээги менен жөө жүрүш акциясын уюштурушкан. Алар жол катар «Мамлекет башчы Аскар Акаев, Борбордук шайлоо комиссия башчысы Сулайман Иманбаев кызматтан кетсин!» деп кыйкырышкан.

13-январдагы сот жараянында окуяга күбөлөр суралды. Сот келээрки дүйшөмбү күнү улантыла турган болду.

XS
SM
MD
LG