Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:37

АКШнын АСКЕРДИК АБАГЫНАН КУТУЛГАН АБДУРАХМОНДУН БАЯНЫ


Тажикстандын жараны, улуту боюнча өзбек Абдурахмон Ражабов өткөн жазда Американын Гуантанамо базасындагы аскердик абактан бошонуп чыккан. Жакында ал журналисттерге аскерий түрмөдө отурганда психологиялык кысымга кабылып, саламаттыгы бир топ начарлаганын айтып берди.

Ооганстандагы талиптерге каршы согуш маалында бардыгы 11 тажик жараны америкалык аскерлер тарабынан туткундалган экен. Алардын ичинен төртөө былтыр апрель айында бошотулган. Эки жылдан ашуун мезгил бою ата-бабасы көрбөгөн алыскы Гуантанамо базасында АКШнын аскердик түрмөсүндө отуруп чыгып, эркиндикке чыккандардын бири – 40 жаштагы Абдурахмон Ражабов болгон. Ал Америкалык тергөөчүлөр сурак учурунда психологиялык кысым көрсөтүп, Ооганстанда талиптер тарабында согушканын моюнга алдырууга далбас урганын айтат.

- Алар мага сенин "Ал-Каида" жана талиптер менен байланышың бар деп улам кайталап айтып жатышты. Мен "Ал-Каида" эмне экенин билбейм, талиптер тууралуу Ооганстанда бийлик жүргүзүшкөнүн айта алам деп жооп берип жаттым. Азыркыга дейре америкалыктар менден кандай пайда табууну көздөгөнүн түшүнө албайм.


Абдурахмон Ражабов 2001-жылы Ооганстанга дайынсыз жоголуп кеткен агасын издеп барганын айтат. Бир тууганын издөө иштеринде ага бейрасмий Өзбекстан ислам кыймылынын Жума Намангани башкарган согушчандары бир топ жардам көрсөтүшкөн экен. Кандагардан Гуантанамого кандайча барып калганын Абдурахмон төмөнкүдөй баяндайт.

- Мени менен кошо бардыгы 10 киши кармалды. Канча убакыт ооган түрмөсүндө отурганыбызды билбейм, айтор бир күнү башыбызды чүмбөттөп, буттарыбызды катуу зым менен бири-бирибизге тушап байлап, кийимибизди которуп, көзүбүз таңылган бойдон учактар менен Кубага жеткирилдик.

Гуантанамодогу абакта эки жарым жылдай отуруп чыккан Ражабовго тергөөчүлөр кандай кине тагылганын аягына дейре ачык айтышкан эмес. Боору ооруп, сарыктан жабыр тарткан тажик жаранына, анын сөздөрү боюнча, түрмөдө тийиштүү медициналык жардам көрсөтүлгөн эмес.

- Мен катуу ооруп, догдур чакырууну сурандым. Кайтарып турган аскер эртең деп айтты, эртеси башкасы келип, дагы эртең деп койду. 3 күндөн кийин мен такыр тура албай калганымда, эмнеге калп айтасыңар десем, сүйлөбө деп кагып коюшту. Чыдабай бирөөнүн бетине суу чачып жиберсем, бир нече кишилеп, менин буту-колумду байлап, дубалдары темир суук бөлмөдө ич кийимчен камап салышты.

АКШ президенти Жорж Буштун өкмөтү Ирак, Ооганстан, Гуантанамодогу согуш туткундарына карата мамиле туурасында эл аралык деңгээлде катуу сынга кабылып келатат. Президент Буш былтыр Ирактагы Абу Грэйб түрмөсүндөгү зоомбулуктар үчүн жеке өзү кечирим суроого да мажбур болду. Бирок жалпысынан ырасми Вашингтон аскер туткундары кармалган абактардагы шарттар эл аралык стандарттарга жооп берет деп коргонуп, ошол эле маалда түрмөдөгүлөргө Женева Конвенциясына ылайык мамиле жасоодон баш тартып келатат. Өткөн аптада Ак үйдүн кеңешчиси Альберто Гонсалес да Сенатта ушул көз карашты бекемдеди.

- Согуш туткундары боюнча эл аралык Женева келишими бизден туткундарды чогуусу менен кармоону талап кылат. Антсек, алар бири-биринен маалымат топтоп, өз тажрыйбаларын бөлүшүп, балким, күзөтчүлөргө каршы чабуул даярдап жибериши мүмкүн. Анда туткундар согуш кылмыштары үчүн айыптоолордон кутулуу амалында кол тийбестик укуктары үчүн да күрөшө баштайт, - деп белгиледи Вашингтондун өкүлү.


"Азаттык" радиосуна жөнөткөн билдирүүсүндө АКШнын Тажикстандагы элчилиги согуш туткундарынын башынан өткөндөрүн комментарийлей албай турганын белгилеп, бирок бардык абактарда эң мыкты медициналык тейлөө камсыздалган деп кошумчалай кеткен. Гуантанамодогу абакта 28 айдай отуруп чыккан Абдурахмон ушу тапта Дүйшөмбү шаарындагы ооруканада дарыланууда. Кошмо Штаттардын элчиси апрелде абактан бошотулган тажик жарандары жөнүндөгү жаңылыкты жарыялап жатып, алар эми коомчулук үчүн коркунуч келтирбегендиктен азаттыкка чыгышты деп белгилеген эле.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG