Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:56

15-январда аба ырайы кандай болот?


БИШКЕК. Синоптиктердин билдирүүсү боюнча 15-январда Кыргызстанда түнкүсүн айрым жерлерде, күндүз көпчүлүк аймактарда кар жаайт.

Республика боюнча абанын температурасы:
ЧҮЙ өрөөнүндө түнкүсүн -1ден...-6га, ал эми түндүк жагы –10 градус суук болот. Күндүз -2 градус сууктан +3 градуска жылуу.
ТАЛАСТА түнкүсүн -4...-9 градус суук, күндүз -3 градус сууктан +2 градуска жылуу.
БАТКЕН, ЖАЛАЛАБАД, ОШ аймактарында түнкүсүн 0...-5 градус суук, күндүз -1 градус сууктан +4 градуска жылыйт.
ЫСЫККӨЛДӨ түнкүсүн -1...-6 градус, чыгыш тарабында -6дан... -11 градуска чейин төмөндөйт. Күндүз -3 градус сууктан +2 градуска жылуу болушу күтүлөт.
НАРЫН облусунда түнкүсүн -15...-20, күндүз -6...-11 градус суук.
БИШКЕКТЕ күндүз мезгил-мезгили менен жаан-чачын болуп, абанын түнкү температурасы -3...-5 градус суук болсо, күндүз 0...+2 градустун айланасында жылуу болот.

Жаңылыктар топтомун Бүбүкан Досалиева, Айданбек Акмат уулу жана областардагы кабарчылар даярдашты.

Редактор Султан РАЕВ

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG