Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:00

Н.Танаев Кытайда


БИШКЕК.14-январда Кытайда расмий визит менен жүргөн премьер-министр Николай Танаев Синзянь Уйгур автоном районунун элдик өкмөтүнүн төрагасы Исмаил Теливерди менен жолугушту. Анда Кыргызстан менен райондун ортосундагы соода-экономикалык кызматташуу маселеси талкууланды. Андан тышкары Танаев райондун соода-экономика, электр энергетика, туризм, көмүр казуу, кен иштетүү, айыл чарба, транспорт, авиация, чек ара, бажы,билим берүү,санитардык кызмат тармактары боюнча түзүлгөн 10 топтун өкүлдөрү менен жолугушуп, байланышты өркүндөтүү маселелери боюнча пикир алышты. 15-январда Николай Танаев Кашкар шаарына барып, ал шаардагы ишкер чөйрө өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Мындай маалыматты 14-январда өкмөттүн басма сөз кызматы таратты.

XS
SM
MD
LG