БИШКЕК. 15-январда Бишкекте «Арнамыс» партиясынын төртүнчү курултайы болот. Анда Жогорку Кеңештин депутаттыгына партия тарабынан талапкерлер көрсөтүлөт. Бул тууралуу «Арнамыстын» штабынан 14-январда кабарлашты. Маалыматка караганда, партия Жогорку Кеңештин депутаттыгына алты адамдын талапкерлигин көрсөтмөкчү.