Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:00

Коалиция шаардык кеңештин токтомуна каршы


БИШКЕК. Бишкек шаардык кеңешинин 11-январда кабыл алган токтомуна байланыштуу «Демократия жана атуулдук коом үчүн» өкмөттүк эмес уюмдарынын коалициясы 14-январда билдирүү таратты. Коалициянын президенти Эдил Байсаловдун айтымында, токтом Кыргызстандын конституциялык негизине жана мыйзамдардын, укуктардын жогору турушуна , Конституциянын 16 беренесинин 14 бөлүгүнө каршы келет. Маалым болгондой Конституциялык сот өткөн жылы 14-октябрда «Атуулдардын тынч жыйналып, куралсыз, эркин митинг жана демонстрация өткөрүү укугу жөнүндөгү» мыйзамдын 5,6 жана 7 беренеси конституциянын талаптарына каршы келет деп тааныган. Бул беренелерде митинг өткөрүү үчүн уруксат алуу тартиби болгон эле. Шаардык кеңештин токтомунда да атуулдардын эркин чогулуу укугуна чек коюу аракет жасалган. Ошондуктан аны жокко чыгаруу үчүн сотко кайрылабыз, деп белгиледи Эдил Байсалов.

XS
SM
MD
LG