БИШКЕК. Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер катары катыша тургандыгына байланыштуу президенттин энергетикалык коопсуздук боюнча атайын өкүлү Жантөрө Сатыбалдиев, Нарын облусунун губернатору Аскар Салымбеков, Эсептөө палатасынын төрагасы Дамир Өскөмбаев, Социалдык фонддун төрагасы Ахматбек Келдибеков, Нарын районунун акими Сактанбек Паязов, Аламүдүн районунун акими Авазбек Момункулов президенттин жардыгы менен кызматынан бошотулду. Бул тууралуу мамлекет башчысынын маалымат кызматынан 14-январда кабарлашты. Маалыматка караганда, бул мамлекеттик кызматкерлер «Шайлоо кодексинин» талаптарына ылайык кызматтарынан бошотулду.