Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:59

Талапкерлер катталууда


БИШКЕК. 14-январга карай Жогорку Кеңештин депутаттыгына 39 талапкер катталды. Ал эми катталуу үчүн арыз бергендердин саны 165 кишиден ашты. Саясий партиялар тарабынан талапкер катары көрсөтүлгөндөрдүн саны 182 болсо, өзүн-өзү көрсөткөндөр 165 кишини түзөт. Бул тууралуу Борборшайлоокомдон жума күнү кабарлашты. Округдук шайлоо комиссиялары алты адамды каттоодон баш тартты. Алардын ичинде мурунку элчилер роза Отунбаева, Медеткан Шеримкулов, Үсөн Сыдыков жана Мамбетжунус Абылов бар. Документтериндеги кемчиликке байланыштуу Анарбек Усупбаев катталбай калды. Дагы бир талапкер Ачахон Тургумбаева катталуудан баш тарткан арыз жазып берген. Маалыматка караганда, талапкер катары көрсөтүү 17-январда, ал эми документтерди кабыл алуу 22-январда соңуна чыгат.

XS
SM
MD
LG