Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:21

НАТО уюмун Ирандагы адистеринин санын кыскартууга даярданууда.


НАТОнун Европадагы күчтөрүнүн башчысы америкалык генерал Жеймс Жонстун айтымында, Ирак аскерлерин машыктырган НАТО адистеринин саны кыскартылат. Былтыр НАТО Иракка 300 инструктор жиберүүнү убада кылган, бирок чындыгында 100 гана адам келген. Аятолла Али ал-Систанинин бир жардамчысы 12-январда өлтүрүлүп кеткени бүгүн белгилүү болду. Кечээ күнү Ирактагы ар башка кагылышууларда 10 ирактык жаран жана эки америкалык аскер курман болду. Багдад шаарындагы мейманканадан бир түркиялык ишкер барымтага алынып кетти. Сунни мусулмандары болсо 30-январга белгиленген парламенттик шайлоону бойкоттоого чакырууда.

XS
SM
MD
LG