Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:17

Украинадагы шайлоодо утулган Янукович Жогорку сотко дагы бир арыз жолдоду.


Украинанын мурдагы премьер-министри Виктор Янукович бүгүн өлкөнүн Жогорку сотуна дагы бир арыз жолдоду. Анын жардамчысы Тарас Чорновилдин айтымында, арыз менен кошо сотко 600 том материал жана 240 видео берилди, аларда - шайлоо учурунда кандай мыйзам бузуулар болгону жазылган. 26-декабрда өткөрүлгөн кайра шайлоодо президент болуп Виктор Ющенко жеңип чыкканы тууралуу 10-январда расми түрдө жарыяланды, бирок анын атаандашы Януковичтин арыздары каралып бүтмөйүнчө Ющенко президенттик кызматка кирише албайт.

XS
SM
MD
LG