Газа тилкесинде бүгүн эртең менен араб согушкерлери жарылуучу зат жүктөлгөн машине менен Палестина жана Израил ортосунда курулган бетон дубалды сүздүргөндөн алты жөөт жараны курман болду. Израилдик аскерлер ал согушкерлердин үчөөнү атып өлтүрдү. Жөөт тышкы иштер министринин жардамчысы согушкерлерди эч нерсе түшүнбөйт деп айыптады: "Бул чабуул - террорчулар өз араб элинин тынч жашоосу тууралуу да эч кам көрбөгөнүн далилдейт. Жарылуу болгон Ками чек ара түйүнү аркылуу Израилден Палестинага азык-түлүк жана дары-дармек өткөрүлүп турат". Израил өкмөтүнүн айтымында, Палестина тараптан коопсуздук камсыз кылынмайынча чек ара түйүнү эми жабылат. Автономиянын төрагасы болуп 9-январда шайланган Махмуд Аббас элге кайрылып, майызамсыз аракеттерди токтотууну суранган.