Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:25

АДАМ УКУКТАРЫ: КМШдагы АКЫБАЛ НАЧАРЛАП КЕТТИ


Баян Жумакадыр кызы, Прага. "Хьюман Райтс Уотч" уюмунун жылдык баяндамасында постсоветтик жумурияттардагы жагдайга кеңири орун берилген.

Уюм жылдын баяндамасында темир көшөгө ачылганына 15 жыл өткөнү менен постсоветтик жумурияттарда жагдай мурдагыдай эле кала берип жаткандыгына көңүл бурат. Кремль бүткүл Россияны тырп эттирбей көзөмөлдөөдө, Армения менен Азербайжан авторитардык режимдердин колунда, Өзбекстанда түрмө туткундарын кыйноо улантылып жатат, Беларуста шайлоо мурдагыдай эле алдамчылык менен өткөрүлүүдө.

Россиядагы акыбалга токтолуп, уюм Чеченстанда дээрлик алты жылдан бери кандуу согуш басылбай келатканын жана ага катышкан эки тарап тең сандаган укук бузууларга жол берип жатканын белгилейт. Россиянын өкмөтү милициянын карапайым жарандарга карата өзүм билемдик мамилеси менен кызыл камчылыгын жойо алган жок. Орус армиясында болсо "дедовщина" мурдагыдай эле өкүмдарлык кылат, психиатриялык ооруканалар менен балдар үйлөрүндөгү оорулуулар менен сагыр-сабыйларга зордук-зомбулук көрсөтүлгөн учурлар арбын.

Ошону менен бирге эле укук коргоо уюму Россияда көп партиялуу система де факто жоюлуп, маалымат каражаттары, улуттук региондор Кремлдин карамагына өткөндүгүн тынчсыздануу менен белгилейт.

- Бесландагы трагедияны Кремль бийлик вертикалын бекемдеп алуу үчүн пайдаланып кетти. Президент Владимир Путин азыр региондордун губернаторлорун шайлоо жолу менен эмес борбордон дайындоо сунушун ишке ашырууну көздөп жатат, - деп жазат уюм докладында.

Кремлдин мындай саясатын комментарийлеп "Хьюман Райтс Уотчтун" аткаруучу директору Ракел Денбер Путиндин бүткүл бийликти өз колуна топтоо аракетинде таң калаарлык деле нерсе жок экенин баяндайт.

- Губернаторлорду борбордон дайындоо менен Кремль коррупцияны ооздуктагысы келип жатат. Бирок башка бир көз караштан алганда, бул паракордукту бир жерден башка жерге көчүрүү дегендикке гана жатат, - дейт Денбер пара жеп марып кетүү азгырыгына борбордук администрация дагы туруштук бере албасын кыйытып.

Ошону менен бирге эле уюмдун баяндамасында Кремль мыйзам күчүн ага моюн толгогон инсандардын сазайын берүү үчүн ылгап пайдаланып келатканын белгилейт. Укук коргоо уюму "ЮКОС" мунай компаниясынын ээси Михаил Ходорковскийдин тагдырын мисал келтирет.

Беларустагы абалга токтолуп уюм, өлкө советтик убактардагыдай эле башкарылып келатканын айтат. Президент Александр Лукашенконун өкмөтү көз караандысыз маалымат каражаттарын куугунтуктап, журналисттерди жазалоодо.

Ал эми адам укуктары урматталат, деп үмүттөндүргөн Кыргызстанда жагдай болуп көрбөгөндөй начарлады.

Өзбекстанда болсо адам укуктарынын акыбалы катастрофалык деңгээлгэ жетти, деп айтылат баяндамада.

АКШнын антитеррордук кампаниядагы маанилүү өнөгү болгон бул өлкөнүн түрмөлөрүндө миңдеген саясий туткундар отурат. Туткундарды уруп-сабоо керектүү маалымат алуунун кадыресе ыкмасы болуп калды, дейт "Хьюман Райтс".

Түркмөнстан укук коргоо уюмунун докладында "дүйнөнүн эң репрессивдүү" мамлекеттеринин бири деп аталды. Президент Сапармурад Ниязовдун өзүм билемдик чечими менен өлкөдө жалпы билим берүү системасы кыйратылып ташталды.

Баяндамада ошондой эле бангичилерди (наркомандарды) куугунтуктоонун айынан Казакстан менен Украинада вич инфекциясын жугузуп алган адамдардын саны кескин көбөйүп кеткендиги белгиленет.

Уюм президенттик шайлоодо одоно мыйзам бузууларга жол берип, болуп көрбөгөндөй массалык нааразылык аракети тутанган Украинадагы акыбалды өзүнчө бөлүп көрсөтүп, ноябрдагы президенттик шайлоо өнөктүгү адам укуктарын көзгө илбеген, коррупцияга белчесинен малынган режимдин эң бир ыплас аракети болгондугун айтат.

XS
SM
MD
LG