Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:47

16-январга карата аба ырайы тууралуу маалымат


Синоптиктердин билдирүүсү боюнча 16-январда Кыргызстанда мезгил-мезгили менен кар жаайт. Жолдор тайгак болот.

Абанын температурасы:

Сарыөзөн ЧҮЙдө түнкүсүн –2...-7 градус суук, күндүз –3 градус сууктан +2 градуска чейин жылуу.
ТАЛАС дубанында түнкүсүн –5...-10 градус суук, күндүз –4 градус сууктан +1 градуска жылуу болот.
БАТКЕН, ОШ, ЖАЛАЛАБАД аймактарында түнкүсүн –2...-7 градус суук, күндүз –2 градус сууктан +3 градуска чейин жылуу болушу күтүлөт.
ЫСЫККӨЛ облусунда түнкүсүн –3...-8 градус суук, күндүз –2 градус сууктан +3 градуска жылуу.
Тоолуу НАРЫНда түнкүсүн –17...-22, күндүз –7...-12 градус суук.
БИШКЕК шаарында мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. Абанын температурасы түнкүсүн –2...-4 градус суук, күндүз 0...+2 градус жылуу.


Кабарлар топтомун даярдагандар Азиза Турдуева, Бакыт Аманбаев жана областтык кабарчылар.
Редактору Султан РАЕВ.

XS
SM
MD
LG