Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:12

Нарын облусунда айрым талапкерлер тарабынан шайлоочуларга урмат-сый көрсөтүү күч ала баштады


НАРЫН. Нарын аймагында айрым талапкерлер тарабынан шайлоочуларга урмат-сый көрсөтүү күч ала баштады. Мындай билдирүүлөр «Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясынын» Нарын аймактык өкүлчүлүгүндө болуп өткөн жыйында айтылды. Алдыдагы Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо боюнча жүргүзүлүп жаткан даярдыктар боюнча жергиликтүү бир катар өкмөттүк эмес уюмдардын, саясий партиянын жана коалициянын мүчөлөрү жер-жерлерде депутаттыка талапкерлер тууралуу шайлоочулар арасында кызыгуу көбөйгөндүгүн, негизги катмар ким эмне берет, кандай негизде сыйлайт деп саксактап турушкандыктарын жана ошол эле учурда бармака белги коюу боюнча ажырым түшүнүктөр орун ала баштагандыктарын маалымат кылышты. Ал эми коалициянын аймактык өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Гүлжамал Султаналиева облус алкагында бей өкмөт уюмдар тарабынан участкалык шайлоо комиссиясынын курамына мүчөлүккө талапкерлерди сунуштоо төмөнкү деңгээлде калып жаткандыгын белгилеп, соңку учурда мамлекеттик кызмат адамдардан коалицияга мүчөлүккө өтүүгө куштарлангандар пайда болгонун билдирди. Анын айтымында, облус боюнча коалициянын 187 мүчөсү бар. Жыйындын ишине коалициянын Бишкектеги кеңсесинин юристи Ибрагим Орозбаев катышты.

XS
SM
MD
LG