Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:01

Баткенде шайлоочулардын тизмесин так жана туура түзүү максатында «Акыйкат сизден башталат» аттуу жаңы долбоору иштей баштады


БАТКЕН. Долбоор «Акыйкат процесс» коомдук фонду тарабынан жазылып, аны «ГТЦ Баткен», Германия техникалык кызматташтык коому каржылоодо. Бул долбоордун ишке ашуусу үчүн «ГТЦ Баткен» 600 миңден ашык сом бөлгөн. Долбоордун башкы максаты - Кыргыз Республикасынын шайлоо кодексине ылайык жаңыланган, туура тизмени түзүү жана участкалык шайлоо комиссияларын түзүүдө адилеттүүлүктү сактоо менен анын курамын сапаттуу болушун камсыз кылуунун жолдорун үйрөтү болуп саналат. Долбоордун алкагында тренер, окутуучулардан турган үч топ түзүлүп, Баткен, Кадамжай жана Лейлек районунун бардык айыл өкмөттөрүн кыдырып чыгышмакчы. Алар алгач февраль айына чейин өкмөт жана айыл башчылары, сот кызматкерлери, өкмөт катчылары, лидер мугалимдер жана жаштар комитеттери үчүн тренинг өтүшөт. Акыйкат процесс коомдук фондунун өкүлү Ханзада Шакированын билдиргенине караганда, бул окуу түшүндүрмөлөрдүн негизинде элдин арасында шайлоо процессине байланышкан кээ бир суроолорго долбоордун юристи жооп кайтаруу менен бирге алдыңкы болуп өткөн шайлоолордогу келтирилген катачылыктар жана жетишпегендиктер жөнүндө кеңири түшүндүрмө берип жатат. Ал эми долбоордун экинчи этабында түзүлгөн топтор тизменин тактыгына көзөмөл жүргүзүшөт. Белгилеп кетчү нерсе тизмелерди жаңылоо жана толуктоо иштери ылдам жана так жүрүшү үчүн ар бир айылга бирден жаңы компьютер берилген.

XS
SM
MD
LG