Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:48

Бейөкмөт уюмдар «Кыргыз туусу» гезитинин редакторуна кайрылуу жолдошту


БИШКЕК. 15-январда Бишкектеги бир катар бейөкмөт уюмдар «Кыргыз Туусу» гезитинин башкы редактору Абдиламит Матисаковго кайрылуу жолдоду. «Ашар» кыймылы, «Кылым шамы» бейөкмөт уюму, «Биздин кылым» жаштар кыймылы гезиттин 14-январда санына жарыяланган «Оппозицияда пул түгөндү дейби?» аттуу макалада айтылган маалыматтарды басылманын келерки санында төгүнгө чыгарууну талап кылган. Кайрылууда белгиленгендей, аталган макалада «Грузияда ар бир пикетчиге 30, Украинада 50 доллардан төлөнсө…, бизде пикетке чыккандардын күндүк баасы 2-2,5 долларга бааланыптыр», - деп, Кыргызстандын мурдагы тышкы иштер министри Роза Отунбаеванын укуктарын коргоп, нааразылык акциясын өткөрүп жаткан атуулдардын ар-намысына жана аброюна шек келтирилген жалган жалаага орун берилген. Анда: «… Кыргыз туусу» гезитинин редактору бийликти колдоп, жазууга мажбур экендигин жакшы түшүнөбүз… Биз, шайлоодон четтетилген элчилердин шайлоого катышууга болгон укугу калыбына келгенге чейин нааразылык акциябызды уланта беребиз… Бул акцияга акча үчүн эмес, атуулдук позициябызды билдирип чыгып жатабыз», -деп жазылган бейөкмөт уюмдарынын кайрылуусунда. Ушундай эле мазмундагы кайрылуу Кыргыз улуттук телерадиокорпорациясынын жетекчилигине да жолдонгон.

XS
SM
MD
LG