Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:17

Бейөкмөт уюму шайлоочулардын укуктары бузулууда деп тынчсызданууда


БИШКЕК. Президенттин улуу кызы Бермет Акаеваны Бишкек шаарындагы №1 Университет шайлоо округу боюнча парламенттик шайлоого талапкерлигин көрсөтүү үчүн 30 миң адамдын колун топтоону уюштуруу өлкөнүн Шайлоо Кодексине каршы келет. Мындай билдирүүнү «Атуулдук коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюму таратты. Анда айтылгандай, өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы бийликтин административдик кысымы менен, бийликке ылым санаган жана ага каршы көз караштагы талапкерлерге карата кош стандарттагы саясатын жүргүзүп жатат. Билдирүүдө ошондой эле студенттерди жана Бишкек шаарынын Ленин районунун эмгек жамаатарына Бермет Акаеванын парламентке талапкерлигин №1 Университет шайлоо окуругунан көрсөтүү боюнча кол койууга мажбурлоо фактылары атуулдардын шайлоого болгон укугун бузуп жатат деп белгиленген.

XS
SM
MD
LG