БИШКЕК. 15-январда Кыргызстандын премьер-министри Николай Танаевдин Кытай Эл Республикасынын Шинжаң Уйгур автономиялуу облусуна болгон иш-сапары аяктады. Бул күнү Николай Танаев Кызылсуу кыргыз автономиялуу облусунун борбору Артыш шаарындагы кыргыз орто мектебинде, Кашкар шаарынын эл аралык базарында болуп, Кашгар районунун жана Кызылсуу облусунун администрация жетекчилиги менен жолугушууларды өткөрдү. Шинжаң аймагына болгон үч күндүк иш-сапарынын алкагында премьер-министр Николай Танаев Шинжаңдын эл өкмөтүнүн төрагасы Исмаил Теливерди, партиялык комитетинин катчысы Ван Лэцюан менен да жолугушту. Тараптар Шинжаң аймагы менен Кыргызстандын ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүү жолдорун талкуулашты.