Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:59

Нобель сыйлыгынын лауреаты Ширин Эбади сотко баруудан баш тартты


ТЕГЕРАН. Нобель сыйлыгынын лауреаты, укук коргоочу Ширин Эбади Ирандын Революциялык сотуна баруудан баш тартты. Бул жөнүндө анын адвокаты Мохамад Али Дадках билдирди.
Эбади айым сотко өзү барбастан мени жана башка адвокаттарын жиберүүнү чечти. Биз сотко өзүбүздүн каршылыгыбызды билдиребиз. Ошону менен бирге эле биз адвокаттар Революциялык соттун өзүн мыйзамсыз деп эсептейбиз,- деди Дадках.
Эбадинин укук коргоо борбору өлкөнүн конституциясында Революциялык сот жөнүндө айтылбагандыктан, аны расмий тааныбайт. Ирандын Революциялык соту негизинен Ирандын коопсуздугуна байланышкан маселелер менен арпалышат. Эбадинин сотко чакырылышына байланыштуу АКШ тынчсыздануусун билдирди.

XS
SM
MD
LG