Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:35

Америка Индонезияга гумжардам берип жаткан аскерлерин марттын 31-не чейин чыгарып кетет


БАНДА АЧЕХ. АКШы Индонезиянын өтүнүчүн эске алып, бул өлкөгө гумантирдык жардам берип жаткан аскерлерин 31-мартка чейин чыгарып кетет. Бул жөнүндө АКШнын коргоо министринин орун басары Пол Вольфовиц Тайландда болушунда билдирди.
Дагы бир жолу ырастап кетким келет, биз бул жерден мүмкүн болгондо эле чыгып кетебиз,- деди Вольфовиц. Индонезиянын топон суудан жабыркаган Ачех провинциясына гуманитардык жардам берүү үчүн бир нече миң америкалык солдат келген. Вольфович бүгүн топон суудан жабыркаган Индонезия менен Тайланддын райондорун кыдырып көрдү. Индонезияда Цунамиден 110 миңден ашык киши курман болду, ал эми Түштүк-Чыгыш Азиядагы алааматтан курман болгон кишилердин жалпы саны 157 миңге барат.

XS
SM
MD
LG