РАМАЛЛА. Палестин автономиясынын президенти болуп шайланган Махмуд Аббас бүгүн ант берип жатып сүйлөгөн сөзүндө Израилди тынчтыкка чакырды.
Мен Алла алдында мекениме жана элиме ак ниет кызмат кылганга, Конституция менен мыйзамдарды урматтап, палестин элинин кызыкчылыгын коргогонго ант берем. Алла бул антымдын күбөсү ,- деди Аббас.
Аббаc өз сөзүндө Израил менен палестиндердин ортосундагы ок атышууну токтотууга үндөп, бейшемби күнү Газа менен Израилдин чек арасында болгон кол салууну кескин сынга алды. Аббас ант берген учурда израилдик аскерлерден ок жеп Газа тилкесинде 6 палестин курман болгону маалымдалды.