Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:01

Танаев Агахан фондунун өкүлдөрү менен жолугушат


БИШКЕК. 17- январда премьер - министр Николай Танаев Агахан фондунун эксперттер тобу менен экинчи ирет жолукканы жатат. Жолугушууда Ысыккөл облусунун туризм тармагын туруктуу өнүктүрүү планы талкууланат. Агахан фондунун 9-январдан бери Кыргызстанда жүргөн эксперттери адегенде премьер- министр менен жолугушуп, андан соң «Манас», «Ысыккөл» (Тамчы) эл аралык аба майдандарын, лыжа базасын, бир катар пансоинаттарды кыдырышып, туроператорлор, тиешелүү министрликтердин өкүлдөрү менен жолугушту. Эксперттер Агахан фонду менен Кыргыз өкмөтүнүн ортосундагы макулдашылган долбоордун багыттарын аныктоо максатында келишкен. Макулдашуу 2004-жылдын 9-июнунда Чолпонатада өткөн 2-эл аралык конференцияда кабыл алынган.

XS
SM
MD
LG