Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:48

БШК төрагасы Украина менен Грузиядагы жагдай кайталанышын каалабайт


БИШКЕК. Айрым эл аралык уюмдар шайлоого байланыштуу түзгөн жарандык коомдордун кемчилик издеп, жарандарда шайлоого каршы пикирлерди жаратып жатышы кырдаалды татаалдаштырып жибериши ыктымал. Мындай пикирин БШК төрагасы Сулайман Иманбаев эл аралык уюмдардын жана дипкорпустун өкүлдөрү менен жолугушуу учурунда билдирди. Бул тууралуу маалыматты ишембиде «Кабар» улуттук агенттиги таратты. Төраганын айтымында, шайлоонун жалпы жыйынтыгына доо кетирбес үчүн, Украинадагыдай жана Грузиядагыдай жагдайга кабылбас үчүн БШК Кыргызстандын мыйзамдарынын чегинде, кыйшаюусуз иш алып барат. Иманбаевдин айтымында ошондой эле шайлоо күнү добуш берүүнүн жыйынтыктары маал-маалы менен мамлекеттик автоматташтырылган «Шайлоо» системасы боюнча БШКнын маалымат экраны, интернет жана мамлекеттик телеберүү аркылуу көрсөтүлүп турат. Эл аралык байкоочулар, журналисттер үчүн атайын жабдылган маалымат борбору иштейт.
Шайлоого жергиликтүү байкоочулардан тышкары ЕККУнун жана Шериктеш өлкөлөрдүн өкүлдөрү узак мөөнөттүү байкоо жүргүзүшөт. Эл аралык байкоочуларды каттоо мөөнөтү 27-декабрдан 24-февралга чейин созулат. Бул тууралуу Сулайман Иманбаев эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушуу учурунда билдирди.

XS
SM
MD
LG