БИШКЕК. Өзбекстандын президенти Ислам Каримов россиялык «Независимая газетасына» 14-январда берген интервьюсунда Батыштан келген төңкөрүш коркунучу Кыргызстанда кайталанышы мүмкүн экендигин белгиледи. Мындай пикирин айтууда ал Кыргызстандын президенти Аскар Акаевдин сөзүнө шилтеме берди. Каримовдун ынанымында Өзбекстанда Грузиядагы жана Украинадагы жагдай кайталанбайт.