Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:56

Түрмөдө ирактыктарды кордогону үчүн айыпталган америкалык аскер кызматчы он жылга кесилди


АКШнын аскерий соту Чарлз Грейнерди Ирактагы Абу-Грейб түрмөсүндө камактагыларды кордогону үчүн айыптуу деп тапты. Айыпкердин өзү болсо сотто ал командачылыктын буюругун гана аткарганын билдирген эле. Сот анын адвокаттарынын аргументтерин да четке какты. Иракта түрмөдөгүлөрдүн америкалык аскер кызматчылары тарабынан кордоого алынганы жөнңүндөгү чатак былтыр жазда муну күбөлөгөн сүрөттөр эл аралык басма сөздө жарыяланып кеткен соң башталган. Ошол сүрөттөрдө АКШнын соту он жылга эркинен ажыраткан Чарлз Грейнер да бар эле.

XS
SM
MD
LG