Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:57

Өкмөт жарандардын тынч жыйын өткөрүүсүн чектеген мыйзам долбоорун сунуштоодо


БИШКЕК. Мыйзам чыгаруу жыйынынын Адам укуктары боюнча комитетинин 17-январдагы жыйынында «Атуулдардын тынч чогулуп, куралсыз жыйын, митинг, нааразылык акцияларын өткөрүүсү тууралуу» мыйзамга кошумча өзгөртүү, толуктоолорду киргизүү тууралуу мыйзам долбоору каралды. Жыйын соңунда аталган мыйзамды жакынкы күндөрү палатанын жалпы кароосуна алып чыгуу тууралуу токтом кабыл алынды.
Кыргызстандын Баш мыйзамынын 16-беренесинин 14-бөлүгүндө өлкө жарандары каалаган убакта куралсыз чогулуп, чогулуш, митинг, жүрүш, пикет өткөрүүгө укуктуу деп жазылган. Буга байланыштуу Конституциялык сот 2004-жылдын 14-октябрында «Атуулдардын тынч жыйналып, куралсыз, эркин митинг жана демонстрация өткөрүү укугу жөнүндөгү» мыйзамдагы атуулдардын митинг өткөрүү үчүн жергиликтүү бийликтен уруксат алуу эрежесин жокко чыгарган. Жаңыдан сунуш кылынып жаткан мыйзам долбоорунда нааразылык акциясына чыгуу үчүн жергиликтүү бийликтен уруксат алуу эрежеси сунушталууда.

XS
SM
MD
LG