Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:59

КЫТАЙ КОМПАРТИЯСЫНЫН МУРДАГЫ БАШЧЫСЫ ЧЖАО ЦЗЫЯН ДҮЙНӨДӨН КАЙТТЫ


Кубат Оторбаев, Прага 17-январда Кытай компартиясынын мурдагы башчысы Чжао Цзыян 85 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Акыркы 15 жылда ал үй түрмөдө камалып отурган. Себеби ал 1989-жылы Пекиндин борбордук аянты – Тяньаньмында болгон студенттердин нааразылык акциясын күч менен басууга каршы болгон эле.

Чжао Цзыян кылкылдаган Кытайдын 1980-жылдардагы көрүнүктүү лидерлердин бири. Талдоочулар эгер ал бийликте дагы тура турганда өлкөдө реформа жүргүзүп, борбордук башкарууга негизделген экономиканы рынокко өткөрүүдө негизги ролдордун бирин ойномок дешет. Бирок Пекиндин борбордук Тяньаньмын аянтына 1989-жылы май айында чыккан жаштарга ылым санап, аларды куралдын күчү менен таркатууга каршы болгону үчүн Чжао Цзыян жетекчилик кызматтан кетүүгө аргасыз болгон.

Ал ирет он миңдеген студенттер, жумушчулар борбордук аянтка чыгып, адам укуктарынын сакталышын жана демократиялык өзгөрүүлөрдү талап кылышкан. Бирок аларга өкмөттүн күч органдары ок атып, кан төгүлгөн эле.

Чжао Цзыян Кытайдын жетекчилигин курал колдонбоого чакырган, бирок аларды көндүрүүгө күчү жетпей калганда Тяньаньмын аянтына барып, жаштарды тарап кетүүгө үндөгөн. Жаштар да өз билгенин бербей, үйлөрүнө кетпей койгондо: “аттиң, бул жерге кеч келип калган экем”, деп бармагын тиштеген экен.

Ал ирет беш миңдей адам окко учуп, дагы он миңдей демонстранттар жарадар болушкан. Жүздөгөн жаштар камакка алынган.

Ди Чинг – азыр чет мамлекеттердин биринде башкалкалап качып жүрөт. Ал 1989-жылдагы ошол кандуу калаба учурунда Тяньаньмын аянтында болгон. Ушул дүйшөмбүдө Рейтер агенттигине берген интервьюсунда Ди Чинг айым ошол окуядан кийин Кытай бийлиги коркконго кош көрүнөт болуп, туруктуулукту баарынан өйдө коюп калды дейт:

- Тяньаньмын аянтындагы калабадан кийин “туруктуулуктан маанилүү эч нерсе жок” дегенди көп кайталап калышты. Бирок андай туруктуулук эмне экенин билишибиз керек. Туруктуулук - ар бир адам коопсуз жашайт деген кеп, бирок аны камсыз кылыш үчүн куралдуу күчтөрдүн жана полициянын кийлигишүүсү талап кылынып жатпайбы...

Чжао Цзыян болсо аянтка чыккандарга жан тартам деп кызматтан алынып, үй түрмөгө түшкөн. Аны акыркы он беш жылда Кытайдын бийлиги бир ирет да эстебей, унутуп койду.

Ал Кытайдын борбордук Хенан провинциясында бардар үй-бүлөдө туулган. Атасынын колунда бар, жетиштүү адам экенине коммунисттерге жан тартып, коомдук ишке активдүү аралашат. Жапонияга жана Чан Кай-Шинин армиясына каршы күрөштө өзүн таанытат. 1966-76-жылдарда Мао Цзедундун “маданий революциясы” учурунда куугунтукка алынып, бирок 1971-жылы кызматка кайра орношкон.

Ага атак ал 1975-жылы Кытайдын түштүк-чыгышындагы Сычуан облусунун партия катчысы болгондо келди. Таланттуу жетекчи катары Чжао Цзыян облус аймагында рынок экономикасынын айрым механизмдерин киргизүүнү баштаган. Мисалы, фабрика тапкан таза пайданы ал мамлекеттик казынага алуунун ордуна жакшы иштеген жумушчуларга сыйлык катары бөлүп берүүгө жана акчанын бир бөлүгүн болсо ошол эле фабриканы жакшыртууга жумшоого уруксат берген.

Ошондой эле ал дыйкандарга өздөрү өстүргөн жашылча, мөмө-жемиштерди базарга алып чыгып сатууга да жол ачкан. Мунун баары Мао Цзедундун тушунда мүмкүн эмес эле. Ошентип Чжао Цзыян башкарган 5 жыл ичинде Сычуан облусунун өнөр жайы 80 процентке өсүп, облус болсо бүтүн өлкөнү нан менен камсыз кылууга жетишкен.

1979-жылы ал Кытай компартиясынын борбордук комитетинин мүчөсү болгон. 1980-жылы апрелде вице-президент, беш ай өтпөй эле премьер-министрлик кызматка киришкен. Ал өкмөт башчы катары иштеген 7 жыл аралыгында Кытайдын экономикасы мурда болуп көрбөгөндөй ургаал менен өнүккөн жана Чжао Цзыян Кытайдын Коммунисттик партиясынын башчылыгына шайланган.

Анын айрым бир ишетри ийгиликсиз аяктаса дагы Кытайдын азыркы өнүгүп-өсүп жаткан экономикасынын негизинде Чжао Цзыян ойлоп таап, ишке ашырган көп идеялар бар. Анын дүйнөдөн кайтканы тууралуу кабарды Кытай бийлиги элге дароо тараткан жок. Чжао Цзыяндын кызы болсо “акыр-аягы атам эркиндикке чыкты” деди анын өлүмү тууралуу.

XS
SM
MD
LG