Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:59

Байыркы Вавилонду талап-тоноодон чет элдик аскерлер сактады...


Польшанын коргоо министри Ержи Шмайдински Ваваилондун атактуу археологиялык жайлары ал жерде чет элдик аскерлер болгону үчүн талап-тонолбогонун билдирди.
Өткөн жумада Британия музейи 2003-жылы Вавилонго аскерий базасын куруп, байыркы шаарга олуттуу зыян келтирди деп маалымдаган болчу.
Америкалык жоокерлер Вавилондогу базада беш ай тургандан кийин, аны польшалык аскерлер башындагы эл аралык күчтөргө өткөрүп берген. Алар тарыхый шаарда 16 ай чамалуу туруп, өткөн жумада чыгып кетишкен.
Польшанын маданият министрлиги жакында Вавилон тууралуу 500 барактык доклад жарыяламакчы.

XS
SM
MD
LG