Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:04

Кытай диссиденттери Компартиянын мурдакы Башкатчысын актоону талап кылышты


Кытайдын диссиденттер жамааты өлкөнүн мурдакы реформачыл лидери Чжао Цзыяндын тажиясын улуттук деңгээлде өткөрүүнү, анын ишмердүүлүгүнө калыс баа берүүнү талап кылышты.

Чжао 1989-жылкы Тянанмен аянтындагы демонстрацияны күч менен басууга каршы чыккандан кийин бийликтен кетирилген. Армияны колдонуудан жүздөгөн адамдардын каны төгүлгөн.
Чжао Коммунисттер партиясын бөлүп-жармак болду деп күнөөлөнүп, Генералдык катчылыктан кетирилген жана ошондон бери үй камагында болчу.

Чжао премьер-министр жана партиянын Башкы катчысы болуп турган 80-жылдары Кытайдагы экономикалык реформа үчүн чыйыр салынган.

XS
SM
MD
LG