Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:20

Ирактык козголоңчулар кандуу зобунун улантууда


Ирактын түндүгүндөгү суннилердин Бейжи шаарында автомобилчен жанкечти полициякананын жанында жардырган бомбадан сегиз киши набыт болду.
Ортолуктагы Бакуба шаарында аскерий бекетке жасалган чабуулда ирактык сегиз жоокер окко учту.

Козголоңчулар түндүктөгү Мосул шаарында жана түштүктөгү Мусаяб шаарчасында шайлоо участкаларын аткылашты.

Батыштагы Рамади шаарыда үч адамдын жана бир адамдын жасаты табылды.

Куралдуу калабаларга карабастан Ирак жана АКШ жетекчилиги 30-январга белгиленген жалпы элдик шайлоо өз учурунда өткөрүлөөрүн айтышууда.

Ирактын убактылуу президенти Гази ал-Яауер шайлоо жарым жыл кийинге калтырылса эле, зобундардын азайары күмөндүү экенин мурда билдирген.

Чет мамлекеттерде жашаган ирактыктарга 30-январдагы шайлоого катышуу үчүн каттоодон өтө башташты.
Шайлоого бөтөн жерде бозгун болуп жүргөн 1, 5 миллиондой ирактык жаран катышат деп болжолдонууда.
Добуш берүүнү ирактыктар көп жашаган 14 өлкөдө Эл аралык миграция уюму уюштурат.

XS
SM
MD
LG