БИШКЕК. 18-январда АКИ-пресс агенттигинде өткөн маалымат жыйынында президенттик администрация башчысынын биринчи орун басары Болот Жанузаков «Эгер кимдир бирөө премьер-министр шайлоого байланыштуу жашыруун жыйын өткөрдү деген маалыматта айтылгандай менин жыйынга катышканымды далилдеп берсе, мен кызматтан кетем»,-деп билдирди.Анын айтымында, эч кандай жашыруун жыйын болгон эмес жана бул өзү каалаган нерсе көзүнө көрүнгөн оорулуу адамдын ойдон чыгарган жазмасы. «Маалыматты тараткан адам аны коомдо ажырымды жаратып, жаңжал чыгаруу жана бийликти элге жаман көрсөтүү максаты менен жазган»,-деп баса белгилеген Болот Жанузаков ал маалыматты ким жазгандыгын билээрин, бирок аны айтуу өз беделинен төмөн тураарын билдирди. Ал эми президент Аскар Акаевдин Ош, Жалалабад жана Чүй облустарын кыдырууда Украинанын президенттигине шайланган Виктор Ющенко менен анын шакирти Юлия Тимошенко жөнүндө айткан сындарына негиз берчү чындык бар деп белгиледи.