БИШКЕК.Кыргызстандын президенти Аскар Акаевдин Пакистандагы расмий визити 18-январда соңуна чыкты. Бул күнү президент Пакистандын премьер-министри Шаукат Азиз менен жолугушуп, анда кызматташуу ниетин билдирген меморандумга кол коюлду. Ал эми дүйшөмбүдө Пакистандын президенти Первез Мушарафф, парламентинин спикерлери жана Тышкы иштер министри Хуршид Касура менен жолугушуп, эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык,билим берүү, маданият жаатында кызматташууну талкуулаган. Анын ичинде Кыргызстандан Пакистанга электр энергиясын экспорттоо маселесин иликтөө,Пакистандын түндүгүндө Каракорум аркылуу транспорт жолун куруу жана виза алууну жеңилдетүү жөнүндө сөз жүрдү.