Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:53

Франциянын Тулуза шаарында дүйнөнүн эң чоң аба унаасы Айробус А-380дин презентациясы болуп өттү


ТУЛУЗА/ФРАНЦИЯ. Франциянын Тузуза шаарында дүйнөнүн эң чоң аба унаасы Айробус А-380дин презентациясы болуп өттү. Презентацияга Франциянын президенти Жак Ширак, Германиянын Канцлери Герхард Шрөдер, Испания менен Британиянын өкмөт башчылары Жозе Луис Родригес Сапатейро менен Тони Блэр баш болгон 5000 миңге жакын мейман катышты. Тони Блэр салтанатта сүйлөгөн сөзүндө:
Бул Дүйнөдөгү эң мыкты самолет. Ал экономикалык кызматташтыктын, технологиялык жаңылануунун символу, глоаблдык рынокто жеңишке жетише ала тургандыгыбыздын жышанасы,- деди Блэр.
Аэробуска 863 жүргүнчү батат. Маалыматтар боюнча алп- аэробустун ушул күнгө чейин 149 даанасы сатылды. Аэробусту сыноо март- апрель айларына белгиленген.

XS
SM
MD
LG