ДУБАЙ/ АРАБ ЭМИРЛИКТЕРИ. Бүгүн мусулмандын беш парзынын бири –ажылык зыяраты башталды. Мухаммет Пайгамбардын туулган жерине дүйнө өлкөлөрүнөн кеминде 3 миллион мусулман чогула турганы болжолдонууда. Зыяратка келгендер кечээ кечинде Меккеден Минага агылышты. Эртең алар Арафат тоосуна чыгышат. Андан соң минага кайтып келишип, шайтанга таш аттыруу жөрөлгөсүнө катышат. Ажылык зыяратынын соңку күнү курмандык чалынып, Курман айт башталат.