Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:48

Шайлоо учуруна Ирактын чек аралары жабылып, шаарларда коменданттык саат киргизилет


БАГДАД. АКШнын Ирактагы аскерлеринин командачысы Жорж Кейси 30-январга белгиленген шайлоодо коопсуздук үчүн 300 миң ирактык жана америкалык солдат кам көрө турганын билдирди. Шайлоо учуруна Ирактын чек араларын жаап салуу, шаарларда коменданттык саат киргизип, өлкөдөгү кыймылды чектөө пландаштырылууда. Бүгүн Багдадда шиа мусулмандарынын кеңсесинин алдында миналанган автомашине жарылды. Андан эки киши курман болуп, бир нече киши жаракат алды. Өткөн бир сутканын ичинде көтөрүлүшчүлөр менен террорчулардын кол салууларынан 20 дан ашык киши курман болду,өлгөндөрдүн көбү Ирактын полициясы менен армиясынын кызматкерлери. Анын аралыгында Иракта Ватикандын кайтоолдогон талаптарынан кийин жергиликтүү католиктердин жамаатынын башчысы, архиепископ Базиль Жорж Касмус бошотулду. Динаятчыны Мосул шаарында белгисиз бирөөлөр кармап алышкан.

XS
SM
MD
LG