Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:32

Ажылыкка баргандар Арафат тоосунда сыйынышты


Меккеге ажылыкка барган 3 миллиондой мусулмандар 19-январда ыйык Арафат тоосуна барышып, зыяратын улантышты. Айтымга караганда Мухаммед пайгамбар өмүрүнүн акыркы жылдарында ушул тоодо сыйынган экен. Кечээ мусулмандар Минага барып, түндү ошол жерде өткөрүштү. Эми мындан ары алар шайтанга таш ыргытышат, андан соң сакал-муруттарын алып, курман айт белгиленет. Кабаанын кара ташын да айланып чыгышат. Дал ушул Кабаанын ташына сыйынуу учурунда жыл сайын жүздөгөн мусулмандар басырыкта калып, каза табат. Быйыл ажылык сапарга келгендердин коопсуздугун Сауд Арабстандын 60 миңдей аскер, полицейлери камсыз кылып жатат.

XS
SM
MD
LG