Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:41

Иран эгер Кошмо Штаттары катылса катыгын берээрин эскертти


19-январда Иран “Европа мамлекеттери менен биздин өзөктүк программа боюнча сүйлөшүүлөрүбүздү бузганы жатат” деп Кошмо Штаттарын күнөөлөдү. Ирандын тышкы иштер министрлигинин өкүлү Хамид Реза Азефи "эгер Кошмо Штаттары Иранга катыла турган болсо Тегеран анын катыгын берүүгө даяр!” деп эскертти. Анын кошумчалаганына караганда Тегерандын буга ал-күчү да, аброю да жетиштүү. Дүйшөмбү күнү Америка президенти Жорж Буш Иранга каршы Кошмо Штаттары күч колдонушу ыктымал деп билдирген болчу. Анын ынанымында Тегеран ядролук бомба жасап жатат жана бул Американын жана бүтүн дүйнөнүн коопсуздугуна коркунуч туудурат. Иран болсо өз кезегинде атом бомбасын жасаган жокпуз деп кайра-кайра кайталап келатат. Улуу Британия, Франция жана Германия Иран менен дипломатиялык сүйлөшүүлөрдү баштап, бул өлкөнүн өзөктүк программасы чындыгында эле эмне максатка багытталганына жооп тапкысы келет.

XS
SM
MD
LG