Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:33

Ирактагы жардыруулардан 25 адам каза тапты


19-январда Ирактагы удаама-удаа жардыруулар болуп, андан 25 адамдын каза тапканы айтылууда. Бир жардыруу Австралиянын элчилигинин алдында болду. Австралиянын жарандары жана элчилиги жабыркаган жок. Бул жардыруунун жоопкерчилигин “Аль-Каида” менен байланышы бар Абу Мусаб аль-Заркави өзүнө алды. Кошмо Штаттарынын армиясынын полковниги Майк Марри бул жардыруу тууралуу мындай пикирин билдирди:

– Биздин оюбузча жүк ташыган автомашинанын рулунда жанкечти отурган, бомбаны ошол жардырып жиберди. Анткени автомашина жарылаар алдында өтө чоң ылдамдыкта жүрүп келген экен.

Иракта козголоңчулар 30-январдагы шайлоо жакындаган сайын каршылыкты күчөтүп, кан көп төгүлүп жатат. Ирактын убактылуу өкмөтү шайлоо учурунда өлкөнүн чегарасын жаап, коопсуздукту көзөмөлдөөнү күчөтөөрүн билдирген. Иракта шайлоо ансыз да өзгөчө кырдаалдын шартында өткөнү турат.

XS
SM
MD
LG