ЖАЛАЛАБАД. "Кыргызстан элдик кыймылынын" штаб башчысы Үсөн Сыдыковдун айтымында Майлуусуу шаардык соту да бийликтин көрсөтмөсүн аткарды жана анын арызын карап, канааттандырган жок. Эми Сыдыков шаардык соттун чечимин жокко чыгаруу талабы менен Жогорку сотко кайрылат. Майлысуу шаардык соту 18-январда Үсөн Сыдыковду Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер катары каттабай койгон №23 Майлысуу округдук шайлоо комиссиясынын чечимин күчүндө калтырган. Сот Үсөн Сыдыков 2000-2002-жылдары Кыргызстандын КМШ өлкөлөрү боюнча элчисы катары милдетин өтөп, соңку беш жылда Кыргызстанда толук жашаган эмес деген негизге таянган. Округдук шайлоо комиссиясы Конституциянын 56-, Шайлоо кодексинин 69-беренесине ылайык чечим чыгарганын белгилеген.