Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:28

“Келкел” билдирүү таратты


БИШКЕК. “Кел-кел” жарандык каршылык көрсөтүү кампаниясы ушул күндөн тарта өзүн шайлоолорду эркин жана адилет өткөрүүгө көмөк көрсөтө турган жана шайлоо өнөктүгү учурунда кандай мыйзам бузуулар, зордук-зомбулуктар болбосун, аларга карата каршылык көрсөтө турган кыймыл деп жарыялайт. Мындай билдирүү менен 19-январда “Кел-кел” кампаниясы расмий билдирүү таратты. Анын жетекчиси Чинара Айтбаева 18-январда «Кыргызинфо» маалымат агенттигинде өздөрүн “Келкел” жаштар уюму катары тааныштырып, пресс-конференция берген уюмду бийлик өкүлдөрүнүн көрсөтмөсү боюнча каракчылык ыкма менен түзүлгөн жасалма уюм деп билдирди. “Кел-кел” деп аталган жаштар уюму шейшембидеги пресс-конференцияда Кыргызстанда Украина жана Грузиядагыдай ыңкылап өткөрүүгө каршы экендиктерин билдиришкен. “Кел-кел” жарандык каршылык көрсөтүү кампаниясы митинг учурунда жаштарга лимон таратышты. Алар сары өң-жаштык демдин, өзгөрүүнүн белгиси деп түшүндүрүштү

XS
SM
MD
LG