Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:34

А. Акаев студенттерге, губернаторлорго байланыштуу жардыктарды чыгарды


БИШКЕК. Президент Аскар Акаев 19-январда жогорку, атайын орто кесиптик окуу жайлардын студенттеринин стипендияларын 1-январдан, маданият кызматкерлеринин айлык акыларын 1-апрелден жана 1-июлдан баштап 30%ке көтөрүү тууралуу жардык чыгарды. Президенттин ушул эле күнкү чыгарган башка жардыктарына ылайык Нарын облусунун губернатору болуп Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты Шамшыбек Медетбеков дайындалды. Ал эми Накен Касиев Ош облусунун губернаторлугунан бошотулду. Белгилеп койчу жагы Нарын облусунун мурдагы губернатору Аскар Салымбеков менен Ош облусунун мурдагы губернатору Накен Касиев Атбашы шайлоо округу боюнча депутаттыкка ат салышат.

XS
SM
MD
LG