БИШКЕК. Экс-элчилер Роза Отунбаева менен Мамбетжунус Абыловдун тарапкерлери пикет өткөрүп жатканына 20-январда 14 күн болду. Элчилерди коргоо комитеттери мындан бир күн мурда жыйын куруп, пикетти мөөнөтсүз өткөрүү чечимине келишкен. Отунбаеваны коргоо комитетинин мүчөсү Азиза Абдрасулованын айтымында, бул акция аркылуу пикетчилер элчилердин укуктарын коргоого расмий бийликке жана сотторго таасир этүү, элчилердин шайлоого катышуу укугун кепилдеген жаңы мыйзамга президенттин чукул кол коюшун талап кылуу максатын көздөп жатышат.